Биз менен байланышыңыз

Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимов 6-сентябрга чейин камакта калды

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 820 | 0

Бүгүн баш калаанын Ленин райондук соту Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун ишин карап, аларды 6-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Мамлекеттик айыптоочулар УКМКнын тергөө абагында жаткан эки экс-мэрди камакта калтыруу мөөнөтүн узартууну өтүнүштү.

Жактооочулар буга эч кандай негиз жок экенин билдиришип, мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн четке кагууну соттон суранышты.

Ага карабай, отурумга төрагалык кылган судья Кубанычбек Касымбеков экс-мерлерди камакта калтыруунун мөөнөтүн 6-сентябрга чейин узартуу боюнча чечим кабыл алды.

Бүгүнкү соттук териштирүүдө өз кезегинде Албек Ибраимов башчы болуп турган «Дастан» ишканасы боюнча күбөлөр суракка алынды.

Белгилей кетсек, экс-мэрлер «коррупция» беренеси боюнча айыпталган. Тактап айтканда, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушунда, «Дастан» ишканасында, муниципалдык жерлерди берүүдө мыйзамсыз аракеттерге барган деген кине коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM