Биз менен байланышыңыз

Музаффар Исаков 3 жылга шарттуу кесилди

Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 736 | 0

Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковдун иши боюнча өкүмүн жарыялады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соту массалык маалымат каражаттарына маалымдады.

Ага ылайык, сот Исаковду шарттуу түрдө 3 жылга кести. Ошондой эле 5 жыл бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратты.

Буга чейин Башкы прокуратура экс-депутаттын мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 12 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

Эске сала кетсек, Музаффар Исаковго 2017-жылы февраль айында «коррупция» беренеси боюнча айып тагылган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана мамкаттоо кызматкерлери менен сүйлөшүп 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп шектелүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-декабрда анын депутаттык мандатын алган.

Copyright © 2017 Maral FM