Биз менен байланышыңыз

Путин Кыргызстанга мунай сатуу боюнча келишимге кол койду

Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 782 | 0

Орусиядан мунай жана мунай продукцияларын алып келүү боюнча өкмөт аралык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду.

Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Кыргызстандын күйүүчү майга болгон муктаждыгы бир миллион тоннадан ашат. Быйылкы жылы күйүүчү майга болгон баа жылдагыга караганда бир топко кымбаттаганы маалым. Аны кошумча бажы салыгысыз алып келүү боюнча макулдашууга декабрь айында кол коюлган болчу. Бул бензин жана дизель майынын баасына оң таасир этери күтүлүүдө.

Эми 2019-жылдын январынан тарта жарым миллион тонна мунай жана мунай продукциялары алып келине баштайт.

Кошумчалай кетсек, күйүүчү майга болгон муктаждыкты жабуу үчүн кыргыз өкмөтү Казакстандан бензин импорттоо боюнча казак өкмөтү менен келишим түздү. Ал келери жылдын февралынан тарта алынышы мүмкүн.

 

Copyright © 2017 Maral FM