Биз менен байланышыңыз

Улуттук университеттин кызматкерлеринин кылмышы ачылды

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 1636 | 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлерине 304-«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана 171-«Ишенип берген мүлктү ыйгарып алуу жана жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-2018-окуу жылдары арасында университеттин факультеттеринин диплом даярдоо үчүн каражатты топтоого жооптуу кызматкерлери топтолгон 2 миллион 300 миң сом өлчөмүндөгү каржатты университеттин диплом даярдоого жооптуу Н.Э. атуу кызматкерине тапшырышкан. Бирок Н.Э. дипломдорду жасоочу ОАО «У.Н» менен ОсОО «Ш.С» ишканаларына 875 миң сом гана төлөп, калган 1,4 миллион сом акчаны бир нече кызматкер өздөрү бөлүп алышкан.

Бул Эсептөө палатасы жана университеттин атайын комиссиясынын корунтундусу менен да тастыкталды.

Натыйжада мамлекетке ири суммадагы зыян келтирилип, «Жогорку билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документти даярдоо, сактоо, берүү жана эсепке алуу тууралуу» жобо бузулду.

Кылмыш иши иликтөө жүргүзүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгына жөнөтүлдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM