Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Коррупция менен системалуу күрөш баштала элек

Без рубрики | 27 Дек 2018 | 606 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде системалуу коррупция менен күрөш баштала электигин билдирди.

Ал укук коргоо органдарында аз да болсо коркуу сезими пайда болгондуктан коррупция менен күрөшкө ишеним бар экенин айтат. Бирок бийлик коорупциялык эмес чөйрө түзүшү зарыл экенин белгилейт.

«Министрлерди, мэрди тандоо, өткөн тендерлер ачык болушу керек. Ага карабай паракорчулук улана берсе, анда коррупция менен күрөшкө камоолор жардам берет. Учурда камалгандардын көпчүлүгү Атамбаевдин адамдары. Мындан улам саясий өңүт болот. Кадр тандоолор, бийликтин чечим кабыл алуусу ачык болбосо, коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жатканы айтыла берет», — дейт Жээнбеков.

Ал бийлик фундаменталдуу нерселерди жасап, саясий системаны өзгөрпөсө, маанилүү өзгөрүүлөр болбой турганын айтат.

«Реалдуу реформаларды жасай албасак, президенттерди алмаштыруу менен эч нерсе өзгөрбөйт. 2020-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизип, мамлекет парламенттик башкарууга өтүшү керек. Азыр бизде эч кандай парламенттик башкаруу жок. Парламент өлкө башчыга көз каранды, премьер-министр президенттин адамы болуп турса, анда президенттик башкаруу болуп эсептелет», — дейт Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, укук коргоо органдары президенттен алынбаса 2020-жылдан кийин да президенттик башкаруу уланат.

Copyright © 2017 Maral FM