Биз менен байланышыңыз

Кытайда христиандарга кысым күчөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 842 | 0

Кытай бийлиги өлкөдөгү христиан жамааттарына кысымын күчөттү. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Христиандардын ыйык майрамы болгон Жаңы жыл (Рождество) алдында христиан ибадатканаларына тинтүү жүргүзгөн Кытай күч түзүмдөрү жүзгө чукул жаранды кармап кетишкен. Аларга «мамлекеттик түзүлүшкө каршы иш-аракет кылуу» беренеси менен айып тагылды. Бирок чиркөөгө ибадатка келген кытайлар мындай айыптарды четке кагууда.

Кармалгандар «Биринчи жаан чиркөөсү» жамаатынын өкүлдөрү болуп саналат. Өкмөт аларды бийликтеги коммунисттик партия менен иштешкен үч чиркөөнүн бирине баруусун талап кылууда. Бирок христиандар аталган чиркөөлөр христиан дининин өзөгүнө жана ишенимине карама-каршы келерин айтышып, баш тартышууда.

Компартиянын көрсөтмөсүнө ылайык иш кылган үч чиркөөдөн башка ондогон чиркөөлөр жабылып, ичиндеги китеп жана башка буюмдары конфискацияланды. Эми ибадатчылар көчөгө же паркка чогулуп, өздөрүнүн диний жөрөлгөлөрүн аткарууга мажбур болушканын айтышууда.

Эске салсак, Кытай-атеизмге негизделген, бирок дин тутуу эркиндигин жарыялаган коммунисттик мамлекет. 1,4 миллиард калкынын көпчүлүгү атеисттер болсо, дин кармангандардын эң көбү буддисттер. Ал эми 90 миллиондон ашуун саны менен христиандар экинчи орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM