Биз менен байланышыңыз

Трамп Иракка барып, бийлиги менен жолукпай кайтты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 659 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Ирактагы америкалык аскердик базадагы аскерлерди зыярат кылышты. Аларга күтүүсүз жаңы жылдык белек катары уюштурулган зыярат үч саатка гана созулду.  Трамп ал жердеги 5000ден ашуун аскерин майрамы менен куттуктап, алардын эрдиктери, мекенине берилгендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

Америкалык аскер базасы аймакта ИШИМ террордук тобу менен күрөшүүдө өкмөттүк күчтөргө колдоо көрсөтөт деген шылтоо менен киргизилген. Ирак бийлиги 2017-жылы ИШИМди толугу менен аймактан сүрүп чыгып, жеңишке жетишкенин жарыялап, чет элдик аскерлерди акырындык менен чыгаруу ниетин билдирген. Бирок АКШ жетекчисинин айтымында азырынча ал жерден чыгып кетүү ниеттери жок.

Трамптын Ирактын премьер-министри Адил Абдул Махди менен жолугуу планы ишке ашкан жок. Расмий Багдаддын билдиришинче ага эки тараптын жолугуушуну кандайча алып баруу тууралуу бир пикирге келе албаганы себеп болгон. Ошентсе дагы лидерлер телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдашты.

Эске салсак, Американын аскердик базасы Иракка биринчи жолу 2003-жылы кирип, Саддам Хусейнди бийликтен кулатууга катышып, жарандык согушту токтотуу жүйөсү менен Ирактын түндүк тарабын Күрдистан автономиялык аймагы деп бөлүп берген. 2011-жылы өлкөдөн чыккан америкалык күч түзумдөрү 2014-жылы ИШИМ террордук тобу менен күрөшүү шылтоосу менен кайра кирген. Учурда Ирактагы жаңы курулган эки базаны эске алганда сегиз базада 5миңден ашуун аскери жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM