Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы «Тумар» бий тобуна акчалай колдоо көрсөттү

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 742 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Тумар» бий тобунун мүчөлөрүнө акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анда, өкмөт башчы “Тумар” бий тобун жана атактуу бийчи Атай Өмүрзаковду кабыл алганы айтылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген белгилүү бийчилер өкмөт башчыга өздөрүнүн чыгармачыл пландары жана ар-кыл эл аралык сынактарга катышуусу тууралуу айтып беришти.

Абылгазиев алар өлкөнүн аброюн эл аралык сынактарда көтөрүп жатканын белгиледи.

Премьер-министр бийчилердин «America’s Got Talent» телесынагына катышуусу үчүн 300 миң сомдук колдоо көрсөттү.

Copyright © 2017 Maral FM