Биз менен байланышыңыз

Ачык тергөө бөлмөлөрү ачылат

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 546 | 0

Бугүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда алгачкы ачык тергөө бөлмөсүнүн ачылышы болот. Бул иш чарага өкмөт өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышат.

Эми кылмышка шектүүлөр милициянын тергоөсүнө ушундай ачык бөлмөлөрдө тартылышат. Бөлмөлөрдүн дубалы айнектен болуп, ичиндеги кыймыл аракет толук көрүнүп турат жана ал заманбап ауди, видеокөзөмөлдөр менен жабдылат. Бул шектүүлөргө карата милициянын күч колдонуусун алдын алат жана тергөөнүн ачык-айкындыгын шарттайт.

Ачык тергөө бөлмөлөргө өтүү долбоору «Борбор Азиядагы эл аралык түрмө реформасы» уюмунун жардамы менен ишке ашууда.

Эске салсак, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун билдиргени боюнча, 2017-жылы 95 адам милициянын кыйноосуна кабылганын айтып арызданган.

 

Copyright © 2017 Maral FM