Биз менен байланышыңыз

Окуучулар 14-январга чейин эс алышат

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 1112 | 0

Кыргызстанда мектептер 2018-жылдын 31-декабрынан тарта 2019-жылдын 11-январына чейин эс алышат. Аптанын дем алыш күндөрүн эске алуу менен окуу процесстери мектептерде 14-январда башталмай болду.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Ал эми мектеп-гимназия, мектеп-лицей жана ушул багыттагы билим берүү мекемелери 12-январдагы окуу жана кошумча сабактарды 2019-жылдын мартына чейинки аралыкка чачыратып коюусу каралды. Муну менен апталык окуу оорчулугун ашпоо шарты аткарылууга тийиш.

Эске салсак, мамлекеттик ишканалардагы кышкы эс алуу 7-январга чейин болорун өкмөт бекитип, маалымдаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM