Биз менен байланышыңыз

Япониянын императору алмашат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 1335 | 0

Япониянын учурдагы императору Акихито императорлуктагы акыркы кайрылуусун жасады. Бул салтанатты ал өзүнүн 85-туулган күнүнө карата уюштурду. Аземге келген тургундардын саны 82 миңди түзүп рекорддук чекке жетти.

Японияда император саясий ыйгарым укукка ээ эмес, ал өлкөнүн жана элдин биримдигинин символу катары салтанаттык фигура болуп саналат. Императорлук такты мурункусу каза болгондо баласына өтүүчү мурас катары каралчу. Бирок 2017-жылы императордун суранычы менен Япониянын парламенти императорлукту анын каза болуусун күтпөй эле, белгилүү жаштан кийин кийини мураскерге өткөрүү чечимин чыгарышкан. Буга ылайык эми бул милдет 2019-жылдын 1-майынан тарта мураскер Нарухитого өтөт.

Эске салсак, учурдагы император Акихито 2016-жылы карып калганына байланыштуу өз милдеттерин аткара албай турганын айтып, тактыны мураскерге өткөрүүнү сунуштаган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM