Биз менен байланышыңыз

Пентагондун жаңы башчысы белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 617 | 0

АКШнын Коргоо министринин милдетин аткаруучу кызматын 2019-жылдын 1-январынан тарта Патрик Шанахан аткарат. Бул тууралуу президент Дональд Трамп өзүнүн Твиттер баракчасынан жарыялады.

Пентагондун жаңы башчысы Шанахан буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген. Трамп анын таланттуу жана мыкты кадр экенин белгилеп, буга чейин жетишкен ийгиликтери көп экенин кошумчалаган.

Коргоо министри кызматын буга чейин Жеймс Мэттис аркалап, 21-декабрда өз демилгеси менен отставкага арыз берген. Ал өзүнүн кызматтан кетүүсүн президент Трамп менен пикир келишпестиктер менен тушундүргөн. Тактап айтканда, министр Трамптын тышкы саясатына каршы болгон. Анын пикиринде АКШ эл аралык аренада тынчтык, толеранттуулукту орнотуну көздөгөн саясат алып баруусу керек. Бул Американын коопсуздугу үчүн абдан маанилүү.

Серепчилер Трамптын администрациясындагы эң акыл-эстүү, парасаттуу адам болгон Мэттистин кетүүсүн Акүй үчүн чоң жоготуу деп баалашууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM