Биз менен байланышыңыз

УКМК: Сапар Исаков башка коррупциялык иштерге да аралашкан

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 622 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун башка коррупциялык иштерге аралашканы маалым болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, башка мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экендигин далилдеген документтер да бар экени айтылды. Ал боюнча териштирүүлөр жүрүп жатат.

УКМК Сапар Исаков өзүнүн күнөөлүү экенин билген соң, коомчулуктун оюн башка жакка бурууну көздөп жатканын айтты. Ошондой эле тергөө учурунда ага эч кандай кысым болбогонун да кабарлаган.

Кошумчалай кетсек, Сапар Исаков соттук отурумда сөз сүйлөп, анда саясий куугунтукка алынып жатканын айткан. Ошондой эле жогорку кызматта турганда сот тармагына көйгөй көп экенин билбей жүргөнүн белгилеген.

Исаков: Мен бийликте турганда соттордогу көйгөйлөрдү көргөн эмес экенмин

Copyright © 2017 Maral FM