Биз менен байланышыңыз

Исаков: Мен бийликте турганда соттордогу көйгөйлөрдү көргөн эмес экенмин

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 1511 | 0

«Мен президенттик Аппараттын жетекчиси, премьер-министр болуп турганда УКМКнын дубалдарынын артында, соттордо эмнелер болуп жатканын көргөн эмес экенмин». Мындай пикирин мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 18-декабрда анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотунда сөз сүйлөп жатып айтты.

Ал азыр УКМКда отургандан бери көйгөйлөр көп экенин көрүп жатканын, өзү саясий куугунтуктун ачык бир өкүлү болуп эсептелерин айтат.

«Өкүнүчтүүсү, мен президенттик Аппараттын жетекчиси, премьер-министр болуп турганда УКМКнын дубалдарынын артында, соттордо эмнелер болуп жатканын көргөн эмес экенмин. УКМКда отургандан бери бизде көйгөйлөр чынында эле абдан көп экенин көрүп жатам. Бүгүн мына мен саясый куугунтуктоонун ачык бир өкүлү болуп эсептелем»— деп айтылат Исаковдун КСДП партиясы тараткан билдирүүсүндө.

Ал мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынан эч кайда качып кетпей турганын мурунтан айтып келгенин, бардык документтери тергөө органдарында экенин айтат. Сурактарга дайыма 15 мүнөт эрте келип, баш коргоо чарасын өзгөртүүгө эч кандай негиз жаралбасын деп күтүп турганын кошумчалайт.

«Баш коргоо чарасы башынан адегенде – эч жакка чыгып кетпөө жөнүндө тил кат берүү тандалган эле. Бул жерде мен дайыма жарандардын катышуусунда үстүртөн сөз сүйлөчүмүн. Бирок азыр мен Сизге кайрылам, урматтуу сот, анткени бул жерде эч ким деле жок – Сиз муну мени Кыргызстандын аймагынан качып кетсин, тергөө жүргүзгөнгө оңой болсун деп атайын жасадыңыз. Бирок мен эч качан мындайга барбайм, анткени өлкөм үчүн жан-дилим менен кызмат кылганмын, анын улуттук кызыкчылыктарын коргогонмун«,- дейт Исаков.

Мурунку өкмөт башчы ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков аны 30 жылдан бери тааный турганын, атасын да жакшы билерин айтып, коррупция менен байланышкан кандайдыр бир айыптоолордун айтылышына себеп бербегенин кошумчалайт.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту Исаковдун камактагы мөөнөтүн 5-январга чейин узарткан. Ал Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM