Биз менен байланышыңыз

Президент Кытайдагы камоолор тууралуу: Бакырсаң эле маселе чечилип калбайт

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 862 | 0

Кытайда камалган кыргыздарды бошотуу боюнча маселе аябай оор. Буга абдан аяр мамиле жасалышы керектигин президент Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анда ал ата-бабалар “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп бекер айтпаганын эске салды.

-Бул маселеге жогорку дипломатиянын негизинде карашыбыз керек. Мисалы, Кыргызстанда кытайлык 10 жаран камакта жатат. Бирок ал өлкөнүн бийлиги “бошоткула” деп бакырган жок да. Ал жактагы биздин туугандарыбыз – Кытайдын жарандары. Кошуна өлкөнүн ички ишине кийлигише алабыз,-деди мамлекет башчы.

Учурда Кыргызстандын жараны болгон адамдарды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

-Биздин жарандар боюнча иштеп атабыз. Жөн отурган жокпуз. Көчөгө чыгып алалыбы? Бакырсаң эле маселе чечилип калса, биринчи болуп мен көчөгө чыгат элем,-деп баса белгиледи.

Кыргызстан көп улуттуу өлкө экенин, кошуна мамлекеттер бири-биринин ички саясатына кийлигише берүүсү туура болбой каларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM