Биз менен байланышыңыз

Отунбаева: Текебаевдин тезирээк бошотулушуна чакырык таштайм

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 539 | 0

Бүгүн, 19-декабрда Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөдө экс-президент Роза Отунбаева “Өмүрбек Текебаев тезирээк эркиндикке чыгышы керек” деген чакырык таштады.

Биз баарыбыз Текебаевдин күйөрманы болобуз. Ал менен далай жолду басып, жеңиштерге жеткенбиз. Бүгүн болсо мына ошол жолдогу урунттуу күндөр чагылдырылган сүрөт көргөзмө өтүп жатат. Бирок мында да айрым гана учурлары чагылдырылыптыр. Өмүрбек отко, сууга карабай кечип өткөн жигиттерден. Өмүрбектин баскан жолу татыктуу, даңазалуу. Биз баарыбыз ага суктанабыз. Мен ойлойм Өмүрбек сөзсүз түрдө чыгат. Анын чыгышына баарыбыз көмөк көрсөтөбүз. Анын азыр камалып турганы акыйкатсыз экенин баарыбыз билип турабыз. Сүрөт таржымалын көрүп жатып, алсыздык жасап жатканыбызды билип, сезип, керек болсо уялып жатабыз”,-деди Отунбаева.

Белгилей кетсек, саясатчынын 60 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөгө анын партиялаштары, белгилүү саясатчылар, тарапташтары, үй-бүлөсү катышты.

Copyright © 2017 Maral FM