Биз менен байланышыңыз

Озонниа Ожиело: 2019-жылы эс албай иштешим керек

Пикирлер | 19 Дек 2018 | 643 | 0

БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстанда 4 багытта кызматташууга артыкчылык берилгенин билдирди.

«2017-жылы Сооронбай Шарипович өкмөт башчы болуп турганда 5 жылдык келишимге кол койгонбуз. Анын алкагында 4 багытта кызматташууга артыкчылык берилген. Аларга экономикалык өнүгүү, тамак-аш коопсуздугу кирет. Алсак, окуучулардын ысык тамак менен камсыз кылууда атайын агенттик иштейт. Балдар туура тамактанса, жакшы билим алууга мүмкүнчүлүктөрү кенен болот. Мындан сырткары айыл чарба тармагында да өнөктөштөргө колдоо көрсөтөбүз. Мындай жол менен өлкө экономикасын күчтөндүрүүгө салым кошобуз», — дейт Озонниа Ожиело.

Ал демократиялык житишкендиктерге жетүү оор болорун белгилеп, өнөктөштөрдү бардык тармак боюнча системалуу түрдө колдоого даяр экенин айтты.

«Экинчи багытыбыз — башкарууга жарандардын катышуусун камсыздоо. Жарандарга колдоо көрсөтүү менен алар коомдун бир бөлүгү экенин жана биримдикти сезишет. Калган эки багытка токтолсом, климаттын өзгөрүүсү менен кар бат ээрип жатат. Мындан улам табиятты коргоого чакырыктар көп. Алсак, Кыргызстандын табиятынын символу болгон ак илбирстер азайып бара жатат. Биз бул жаатта дагы жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Саламаттыкты сактоо тармагына дагы артыкчылык бергенбиз. Жалпы өлкөдө 24 агенттик иштейт. Келишимдин алкагында долбоорлорду ишке ашырууда 230 млн сомдон ашуун каражат сарптоону пландап жатабыз», — дейт Озонниа Ожиело.

Ал буга кошумча, БУУ системасы туруктуу өнүгүүгө арытчылык бергенин, гендердик теңсиздикти жоюуга басым жасай турганын белгилеп, жаштар арасында талаштарды тынчтык жолу менен чечүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

«2019-жылы ишке ашырууну пландап жаткан көп идеялар бар. Кечээ эле жеңил өнөр жай тармагынын, банктардын жана өкмөттүн өкүлдөрүүнүн катышуусунда өнүгүү багытын талкууладык. Анда биргеликте иш алып барып, өкмөткө колдоо көрсөтүүнү сүйлөштүк. Студенттердин билим алуусун жакшыртуу, аларга насыя акча берүү жөнүндө да кеп кылдык. Биздин алдыбызда чоң иштер турат. 2019-жылы мен эс албай иштешиме туура келет. Тажрыйбаларды бөлүшүп, адам ресурстарын өнүктүрүүгө жардам берсек«, — дейт координатор.

Copyright © 2017 Maral FM