Биз менен байланышыңыз

Нарында жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран табылды

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 545 | 0

Нарында эки баласы менен жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран табылды. Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы каарлагандай, Нарын районунда 16-декабрь күнү саат 23:04тө 1975-жылы туулган Н.А.аттуу жаран эки баласы менен «Toyota Kluger» үлгүсүндөгү унаасын айдап Соң-Көл-Кара-Тал унаа жолу аркылуу Соң-Көл жайлоосуна чыгып кетишип, кайра байланышка чыккан эмес.

17-декабрь күнү ӨКМнын Нарын шаардык №16-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 3 куткаруучусу кабарсыз болуп жатканы издөө максатында жолго чыгышып, Н.Адабаевдин үй-бүлөсү менен “Кырк боз үй” тилкесинен жолугушкан. Маалыматта анын жана балдарынын абалы жакшы экени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM