Биз менен байланышыңыз

Ф.Гүленди уурдоо аркетине катышкан дагы бир жаран кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 741 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын мурунку кеңешчиси Майкл Флин өткөн аптада Пенсильвания шаарында жашаган турк дин аалымы Ф.Гүленди уурдап берүүгө айыпталып, камалган. Анын тергөө ишинин жүрүшүндө дагы бир түрк ишкери Эким Алптекинге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Шектелген Эким Алптекинге «провакация уюштуруу», «башка өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо» беренелери боюнча айып тагылды.

Түрк ишкери Майкл Флин менен бир нече ирет жолугуп, АКШда ЖМКга Фетхуллах Гүлен тууралуу Түркия буйрутма берген каралоо макалаларын жана билдирүүлөрдү байма-бай жайылтып турган. Ошондой эле ал 2016-жылы 19-сентябрда Анкарада эки турк министри менен жолугушуп, аалымды уурдоонун планын, төлөнчү акча каражатын жана уурдоого катышчу адамдарды дайындап, активдүү иштеген.

Эске салсак, президент Трамптын мурунку кеңешчиси Майкл Флиндин тергөө иши бугун жыйынтыкталып, жазасы угузулары күтүлүүдө. Ал Ф.Гүленди уурдап берүү үчүн түрк бийлигинен 15 миллион доллар алмак. Аалым тууралуу ар түрдүү терс маанидеги макалаларды, билдирүүлөрдү жарыялап, анын отчетун Алптекинге жиберип турган.

 

Copyright © 2017 Maral FM