Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Фетхуллах Гүлендин каза болгону тууралуу маалымат жалган

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 1476 | 0

Диний ишмер Фетхуллах Гүлен ууланып каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу анын жактоочусу Нуруллах Албайрак Twitter баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин түркиялык Cumhuriyet, Oda TV жана бир катар басылмалар Фетхуллах Гүлендин ууланып каза болгонун, жанындагы шакирттеринин бири өз жанын кыйганын кабарлаган.

Жактоочусу Нуруллах Албайрак Гүлендин ден соолугу жайында экенин айтып, бир шакирти өз жанын кыйганын да жалганга чыгарды.

Жанында жүргөн дагы бир шакирти Жевдет Түркоглу кайрылуу жасап, Фетхуллах Гүлен агартуу иши менен алек болуп, күн сайын берилчү диний сабактарын улантып жатканын билдирген.

Эске салсак, дин аалымы Фетхуллах Гүлен 1998-жылы Америкага операция жасатуу үчүн барып, ошол бойдон өлкөсүнө кайтып келген эмес. 2016-жылдын июль айында болгон Түркиядагы «аскердик төңкөрүш аракети» чуусуна түрк бийлиги аны күнөөлөп, ага байланышы бар делген ишканаларды жаптырып, адамдарды кызматтан алып, түрмөгө камаган. Аалым бул кинени кескин четке кагып, окуяны «атайын уюштурулган чагым» катары баалап келет.

Быйыл 31-майда Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесинин ошол кездеги президенти Орхан Инанды Бишкек шаарынан уурдалган. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган бул операция түрк чалгындоо кызматы тарабынан аткарылганын жар салган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жолдоп, Инандыны кайтарып берүүсүн талап кылган. Андан кийинки иш-аракеттер тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM