Биз менен байланышыңыз

Алп Асландоган: Фетхуллах Гүлен эч жакка кетпейт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 808 | 0

Октябрь айында жашаган жерине куралдуу адамдын киришинен кийин коопсуздук маселеси жаралганын айтып, дин аалымы Фетхуллах Гүленди башка жерге көчүүнү сунушташкан. Бирок ал АКШга келгенден бери 20 жыл бою жашаган жеринен эч кайда көчпөй турганын айткан. Бул тууралуу «Кызмат» кыймылынын Америкадагы уюму «Орток баалуулуктар альянсынын директору» доктор Алп Асландоган билдирди.

«Аалымдын жашаган үйүнүн тегерегинде мезгил-мезгили менен коопсуздук текшерүүлөр болуп жатат. Азырынча эч кандай өзгөрүү жок. Куралдуу белгисиз кишинин анын үйүнө кирүүгө аракет кылганы териштирилүүдө. Менимче бул түрк бийлиги тараптан уюштурулган болуусу ыктымал. Бирок Фетхуллах Гүлен эч кайда кетпей турганын айтты»,-деди Асландоган.

Эске салсак, буга чейин да эки-үч ирет дин аалымына кол салуу жана качыруу аракеттери болгон. Ага түрк бийлиги жана алар менен жашыруун келишимге барган америкалык чиновниктер айыпталган. Бирок кылмыштын алдын алып, катышкан чиновниктер кызматтан алынган.

Өткөн аптада болсо америкалык NBC телеканалы аты аталбаган чиновниктердин маалыматына таянып, түрк аалымын Түркияга өткөрүп берүү жолдору каралып жатканын айтып чыккан. Бирок бул маалыматты Американын мамлекеттик департаменти да, президент Дональд Трамп да жокко чыгарып, андай маселе каралбаганын билдиришкен.

Түрк бийлиги 2016-жылы болгон аскердик төңкөрүш аракетине Ф.Гүленди күнөөлөп, анын тарапташтары деп өлкө боюнча 50дөн ашуун кишини камап, 200 миңге жакын адамды кызматтан алып, квалификациясынан ажыраткан. Бирок аалым төңкөрүш аракетин катуу сындап, өзүнө тагылган айыптарды кескин түрдө четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM