Биз менен байланышыңыз

Түркия жиберди делген тизме тастыктала элек

Кыска кабар | 7 Сен 2018 | 895 | 0

Түркия  Кыргызстан тарапка дин аалымы Фетхуллах Гүленди колдогон түрк жарандарынын тизмесин берип, аларды өз өлкөсүнө өткөрүп берүүнү өтүнгөн.  Бул тууралуу түркиялык Хабер түрк маалымат булагы жазып чыкты. Ага ылайык, тизмеде 130 кишинин ысымы аталган. Алардын 13үн өзгөчө белгилеп, «биринчи кезекте» деген белги коюлган. Ал эми кыргыз бийлиги болсо тизме келбегенин айтып, маалыматты төгүндөшүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 1-3-сентябрында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип кеткен. Сапардын алкагында Эрдоган кыргыз тарапка Гүленге тиешеси бар делген 130 кишинин тизмесин бергенин Хабертүрк түркиялык басылмасы жазып чыкты.

Аталган басылмада жарыяланган маалыматка ылайык, тизмеде көрсөтүлгөн адамдарды Түркияга өткөрүп берүүсү айтылат. Тизмеге катталган адамдардын ичинен 13үнүн ысымынын тушунда «биринчи кезекте» деген белги коюлган.

Мындан улам Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине маалыматты тактоо үчүн кайрылдык. Аталган мекеменин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев министрликке Түркиядан тизме келип түшпөгөнүн билдирди.

-Гүленге тиешеси бар деген адамдардын тизмеси Кыргызстанга берилди деген маалыматты түрк басылмаларынан окудук. Бул боюнча жергиликтүү массалык маалымат каражаттар да чалып, сурап жатышат. Мен министрликтин тиешелүү кызматкерлеринен сурап көрдүм. Алар тизме берилбегенин эле билдирип жатышат.

Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке келгенде Кыргызстандын президентти Сооронбай Жээнбеков менен тар жана кеңири чөйрөдө баарлашкан. Аталган документ тар чөйрөдөгү баарлашуу учурунда берилиши мүмкүн экенин саясат талдоочулар белгилешет. Ал эми президенттик аппараттан болсо эки тараптуу жолугушууларда тизме берилбегенин кабарлады.

Дипломат Кубан Мамбеталиев түрк тараптын 130 адамды тизмеде көрсөтүп, өткөрүп берүү өтүнүчү туура эмес дейт. Анын пикиринде, түрк тараптын аракети өлкөнүн көз карандысыздыгына шек келтирет жана дипломатиялык мамилелерге туура келбейт.

-Биздин жетекчи мындай ишке туура мамиле кылуусу керек. Гүленге тиешеси бар адамдардын өлкөдө иш жасоосу Кыргызстандын ички иши. Эгерде алар кылмыш кылса, анда өлкөнүн мыйзамы менен жазага тартылаарын президент айтты.  Анан тизмени берип, муну карап койгула дегени туура эмес. Эгерде Түркиянын талабын аткарсак демократиябыз аксап калат. Түрктөр ички саясатын, кызыкчылыгын кыргыздын мамлекети менен жасабасын. Ошондуктан адамдарды өткөрүп берүү кадамдарына каршымын. Гүлендин адамдары балдарды терроризмге дарядап жаткан жок. Балдарга билим берүүдө.

Эгерде Түркиянын Гүлен кыймылынын мүчөлөрүн өткөрүү талабы тастыкталса, анда Кыргызстандын жетекчилигин оор кырдаалга салышы мүмкүн экенин серепчилер белгилешет.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Карамат Орозова түрк тарап жамандаган уюмдун терс жактарын көрө элекбиз деди.

-Бизде  Гүленге тиешелүү «Сапат» лицейлерин эл башкача баалап жатышат. Ал окуу жайлары бизде бир топ жылдан бери иштеп келе жатат. Бирок «Сапаттан» бүткөн балдардын эч кимисинин терроризмге же башка нерсеге үгүттөгөнүн байкай элекпиз. Ал Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү органдардын көзөмөлүндө турат. Ал эми тизме боюнча так маалыматым жок.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова жакында эле Монголиядагы Гүлен кыймылына тиешеси бар делген мектептин директорун Анкаранын атайын кызматы күч менен Түркияга алып кетүүгө аракет кылганын эске салды. Ал Кыргызстанда буга чейин башка өлкө жаранын сураган учурда өткөрүп берилгенин айтып, түрк бийлигинин өтүнүчү орундалып калуусу мүмкүн деп болжойт.

-Азыр Эрдоган Монголия жана Молдовага да биздегидей талапты коюп жатат.  Ошондуктан тизмеде жазылган адамдар Кыргызстанга келбей коюсу мүмкүн. Анткени биз сураган адамдарын өткөрүп берип коюшубуз мүмкүн. Анткени бизде саясий куугунтукка алынгандарды кайтарып берүүбүздү билип калышты.

Ал арада орусиялык kommersant.ru сайты Молдова бийлиги 6-сентябрда Orizont лицейлеринде иштеген 7 түрк жаранын Анкарага кайтарып бергенин жазып чыкты. Аларды түрк бийлиги Гулен кыймылына тиешеси бар деп күнөөлөгөн. Күз айларында Эрдоган аталган өлкөгө иш сапары менен бармакчы. Анын алкагында түрк лидери Молдова президенттинин администрациясын оңдоп-түзөө үчүн каражат бөлүүсү айтылат.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Феликс Кулов жогоруда кеп болгон тизмедеги адамдар эбак көз караштарын өзгөрткөнүн айтып,  түрк атайын кызматтары өтө эле саксынып жатышканын кошумчалады.

Бул кишинин аудиториясы жети шерлик чоң. Бирок кооптуулугу Эрдоганга жеткирип жатышкандай зор эмес. Эгер коркутуулар болсо, саясатчылардын нааразычылыгын сырттан кулагыбыз чалмак. Ушул мезгилге чейин көптөгөн адистер билим берүү мекмелеринен окуп чыгышты. Бирок алардын башаламандык уюштурганына күбө болбодук, факты жок.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда саясий куугунтукка алынган жарандарды өз өлкөсүнө өткөрүп берүү аракети болгон. Маселен, казакстандык активист жана блогер  Муратбек Тунгишбаевди  Кыргызстандын атайын кызматы аны саясий негиздеги иш боюнча кармап, казак бийлигине өткөрүп берген. Ошондой эле Андижан окуясында Ташкент кайрылганда качып жүргөн  өзбек жарандарын кайтарган.

Copyright © 2017 Maral FM