Биз менен байланышыңыз

Молдовада президенттик шайлоо өтүүдө

Кыска кабар | 1 Ноя 2020 | 485 | 0

Бүгүн, 1-ноябрь күнү Молдовада  президенттик шайлоо өтүүдө. Өлкө башчылыка сегиз талапкер ат салышууда. Орусиялык РБК басылмасы президенттик шайлоодон жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү, азыркы президент Игорь Додон жана  экс-премьер Майя Сандунун жеңүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин жазган.

Молдовада президенттик шайлоо экинчи гана жолу өткөрүлүүдө. Биринчи президенттик шайлоо 2016-жылы өтүп, анда Игорь Додон жеңип чыккан. Бүгүнкү күндө Додондун эң башкы атаандашы, мурдагы премьер-министр «Аракет жана тилектештик» партиясынын жетекчиси Майя Санду болууда. Ал 2016-жылы өткөн президенттик шайлоонун 2-турунда Игорь Додондон жеңилип калган.

Калган алты талапкер: Ренато Усатый («Биздин партия»), Андрей Нэстасе («Платформа DA» партиясы), Тудор Делиу (Молдавиянын либерал-демократиялык партиясы), Виолетта Иванова («Шор» партиясы), Октавиан Цыку («Улуттук биримдик партиясы») жана Дорин Киртоакэ («Unirea» («Бирикме») шайлоо блогу) шайлоого катышууда.

Биринчи турда жеңиш үчүн 50%дан көп добуш чогултуу керек. Президент Додон бул нерсе колунан келээрин “РБКга” берген маегинде билдирди. Социологиялык сурамжылоолорго жана болжолдорго ылайык, президенттик мандаттын тагдыры экинчи турда чечилет деп эсептелүүдө. Экинчи тур 15-ноябрда өтөрү, ал айлампада негизги талапкерлер президент Игорь Додон менен мурдагы премьер-министр Майя Сандунун ортосунда тирешүү болот деп болжонууда.

Шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө шартта өтүп жатат. Добушканага келген ар бир жаранга коргоочу беткап берилүүдө, ар бир адам өз калемсабы менен келиши шарт. Шайлоочулардын баарынын дене табы текшерилип турат.

Copyright © 2017 Maral FM