Биз менен байланышыңыз

Карашев: Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2018 | 875 | 0

Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат. Акыркы бир жумадагы көрүнүштөр буга далил боло алат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз жыйынтыгын чыгарганын айтып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатканын, ким күнөлүү экенин сот аныктарын айтты.

Карашев ошондой эле саясатта бир гана мамлекттек кызыкчылык болушу зарыл экенин белгиледи.

«Мамлекеттик кызыкчылыкты жогору койгондор менен досмун. Ар бир саясатчынын көз каршы болсо жакшы болмок. Бирок туруктуу көз караштагы саясатчылар азайып бара жатат. Муну баары заманга байланыштуу», — дейт Карашев.

Анын билдиргенине караганда, өлкөдө административдик кызматты ээлеген 25 миңдей кызматкер бар. Алар конкурстун негизинде жумушка алынууда. Ал эми саясий кызматка келип жаткандар тууралуу ар кандай ойлор айтылып келет.

Карашев буга кошумча, мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаева балдызы экенин айтып, анын таза иштегенин билген киши катары Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушуна «каршы» добушун бергенин билдирди.

«Жолдубаева мындай болуп кызматтан кетишине каршы болгом. Анын жумушка берилгенин билгем. Таза иште деп көп айтчумун», — дейт эл өкүлү.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеш депутаттары башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун колдогон. Жалпы жыйында эл өкүлдөрүнүн 105и Жолдубаеваны иштен кетиши керек деп чечишкен. Эки депутат «каршы» добуш берген.

Copyright © 2017 Maral FM