Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча мектеп курууга жумшалууда

Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 580 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы № 12 мектеп-гимназиясында коррупцияга каршы күрөш боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен жаңы корпустар курулат. Бүгүн, 27-августта, президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен аталган мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков келечекте ушул мектептердин бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошчу татыктуу жарандар болооруна тилектештигин билдирди.

Учурда Сокулук районунун Орок айылында сабактар үч мөөнөттө өтүүдө, кошумча корпустун курулушуна ɵтɵ муктаж. Эки кабаттуу кошумча курулуш корпусу мектептин кубаттуулугун 500 окуучу орунга чейин жогорулатат.

Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы дагы окуу имаратын кеңейтүүгө абдан муктаж. Жалпы билим берүүчү мекеменин үч кабаттуу корпусу 385 орунга ылайыкталат. Курулуш иштерин 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.

Эске салсак, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында түшкөн каражаттар үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.

Мамлекет башчысы борбор калаадагы мектептерге барганда коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же алардын имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM