Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Коррупция боюнча бир да так статистика айтылган жок

Күн чекит | 15 Ноя 2019 | 1118 | 0

Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясы Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн азыркы абалын карады. Жыйынга вице-премьер-министр баш болгон тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып, депутаттарга мамлекеттин коррупцияга каршы саясатынын артыкчылыктуу багыттары, паракорчулук менен күрөшүү жаатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө учкай маалымат беришти.

Бул боюнча ЖКнын депутаты, «Республика – Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиев «Маралга» маек берди. Анын белгилегенине караганда, баяндамачылар начар даярданып келгендиктен суроолорго так жооптор болгон эмес.

Бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарган ишинин натыйжалуулугу боюнча маалымат уктуңуздар.
-Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да катышары айтылган болчу, ал келдиби?

-Бизге вице-премьер министр Жеңиш Парпиевич Раззаков баяндама жасап берди. Андан сырткары, бир-топ министрлер, күч органдарынын жетекчилери катышты. Ал эми башкы прокурор өзү келген жок. Бирок анын ордуна орун басары баяндама жасап, суроолорго жооп берди.

-Азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан Кыргызстандын паспортун берүү маселеси боюнча эмнелер айтылды? Канча мыйзам бузуу катталып, канча кылмыш иши козголуптур?

-Паспорт маселеси, албетте, көтөрүлдү. Бир эле паспорт эмес, биздин айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалма жол менен даярдалып жаткандыгы тууралуу да айтылды. Бул маселелер боюнча жооп алдык. Буга кошумча биздин фракция да ушул жасалма паспорт, күбөлүктөрдөн арылуунун жолдору боюнча бир топ сунуштарды айтты. Учурда коомчулукта актуалдуу талкууга алынып жаткан паспорт боюнча кылмыш иштери козголгондугу тууралуу да маалымат айтылды. Ал жасалма паспорттор коррупциялык жол менен эмес, башка жактарда жасалары айтылды. Паспорттун коргоо элементтери заманбап болбой жатат деп түшүндүрүштү. Бирок, албетте, эл да көтөрүп айтып келет, паспорт же айдоочулук күбөлүктү бизде сатып алсаң болот.

Сиздин оюңузду билсек, паспорт берүүдөгү көйгөлөрдү кантип жойсо болот? Балким, мурдагыдай ИИМге кайтаруу керек?

Бүгүнкү күндө паспортту МКК (Мамлекеттик каттоо кызматы)берип жатат. Мен бул маселе боюнча сунуш айттым. МККнын паспорт берүү системасына өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледим. Биринчиден адамдын жүзүн толук таанып, анан бирдиктүү маалымат базасынан текшерүү керек. Бирдиктүү маалымат база онлайн режимде ИИМ жана чек ара кызматы менен биргеликте иштесе, менин оюмча көпчүлүк көйгөйлөр чечилет. ИИМге толук берүүнүн кереги жок, бирок, алар менен сөзсүз түрдө макулдаша турган кылып койсо, коррупциялык схемалар жоюлат эле.

-Актуалдуу маселелердин катарында кылмыш иши козголгондордун бошотулуп же чет өлкөгө чыгып кетип жаткандыгы катталууда. Айрыкча, мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. Анан прокуратура козгогон иштердин жыйынтыгы да белгисиз болуп жатат. Жыйынтыктар боюнча так маалымат берилбей келет. Мындан улам коррупцияга каршы күрөш жүрүп жаткандыгы боюнча элдин ишеними азайгандай. Сиздин пикириңизде эмнелер себеп болууда? Эффективдүүлүктү кантип жогорулатуу зарыл?

-Бул маселелерди көтөрдүк. Чындыгында, мындай көйгөй бар экен. Көптөгөн кылмыш иштери козголот, сотко жетет, бирок, бошоп кетип жатпайбы. «Сот чечет» деген жоопторун айтып жатышат. Бирок статистика жүрбөй жаткандыгын белгиледик. Негизи, «Канча кылмыш иши козголду? Канчасы аягына жетти? Эмне себептен жетпей калды?» деген статистика болушу керек. Бул жерде прокурордун да жоопкерчилиги каралышы керек.Биз тапшырмаларды бердик.

-Демек, сиздерге так статистика айтылган жок?

-Жок айта албай коюшту. «Канча коррупциялык схема бар? Силер канчасын тактадыңар, аныктадыңар? Аныкталган схемалар болсо, аларды жок кылуу максатында кандай мыйзамдарды же тиешелүү документ кабыл алынды?»деген суроолорго да толук жооп ала алган жокпуз. Ошондуктан бул боюнча жазуу түрүндө сөзсүз жооп бергиле деп чечимге киргиздик. Себеби эл, биз билишибиз керек. Биз дүйнө жүзүндө коррупциялык схемалар боюнча 180 мамлекеттин арасынан 132-орунда экенбиз. Бул маселени жоюу боюнча өкмөт сөзсүз сунуштарды айтып, иш алып барышы керек.

-Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM