Биз менен байланышыңыз

Индира Жолдубаева коррупцияга шектелип, үй камагына алынды

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 800 | 0

Биринчи май райондук соттун чечими менен мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева үй камагына алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу менен байланышкан иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

20-августта Индира Жолдубаевага, Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү жана 43-беренесинин 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип (Коррупция) жатканы тууралуу билдирилген.

Copyright © 2017 Maral FM