Биз менен байланышыңыз

«Республика – Ата Журт» фракциясы коррупцияга каршы күрөштүн абалын карады

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 635 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясы Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн азыркы абалы каралды. Жыйынга вице-премьер-министр баш болгон тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып, депутаттарга мамлекеттин антикоррупциялык саясатынын артыкчылыктуу багыттары, коррупция менен күрөшүү жаатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө учкай маалымат беришти.

Фракция башчысы Жыргалбек Турускулов баяндамачылардын начар даярданып келгенине наарызы болду.

-Өкмөттүн антикоррупциялык саясатты жүргүзүү, анын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, мамлекеттик башкаруу тутумундагы коррупциялык схемаларды табуу жана жоюу, коррупцияга аралашкан кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу чаралары боюнча так позициясы болушу керек, — деген пикирин айтты.

Жыйынтыгында, фракция мүчөлөрү Өкмөткө туташ коррупциялык жосундарга каршы туруу чараларын өз деңгээлинде жүргүзө албаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо, Каржы министрлигиндеги антикоррупциялык эсептин толтуруу жана чыгымдоо булактарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу сунушталды.

Copyright © 2017 Maral FM