Биз менен байланышыңыз

Президент: «Органдардагы туура эмес иштеген адамдардан арылабыз»

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 863 | 0

Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маселесине токтолду. “Коррупция менен күрөш – оңой маселе эмес, — деп баса белгилеп, ага каршы үзгүлтүксүз күрөш жүрүп жаткандыгын белгиледи:

Баары эле коррупция менен күрөшүүнүү колдойт. Бирок иш жүзүндө бул маселе башкача болууда. Калкыбыздын саны 6,5 миллионго жетип калды. Сураштырып келгенде бардыгы тууган же куда-сөөк болуп чыга келет. Жакындары пара менен колго түшсө, дароо ага колдоо көрсөтө башташат. Албетте, буга окшогон жагдайлар да жок эмес. Бирок, акырындан мындай коомдук илдеттен арылып жатабыз десем болот», — дейт өлкө башчысы.

Президент коррупция менен болгон аёосуз күрөштү эл колдоп жаткандыгын айтып, алдыга коюлган максаттар ишке ашат деп ишендирди:

Бизде эрк бар. Биздин күрөштөгү эң башкы маселе — коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик органдарды тазалоо процесси. Буларга: сот системасы, прокуратура, милиция, Финполиция, Эсептөө палатасы жана башкалар кирет. Туура эмес иштеген адамдардан арылабыз. Тазалоо процесси уланат. Эң негизгиси, элдин колдоосу бар», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM