Биз менен байланышыңыз

«Коррупцияга каршы күрөш таптакыр болгон жок десек жаңылышабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июл 2019 | 768 | 1

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш таптакыр болгон жок десек жаңылышабыз. Учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндегилерге иш козголуп жатат. Бирок кимдин адамы болбосун, күнөөсү болсо, жооп бериши керек. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал коррупция терең тамыр жайгандыктан, анын себептерин жоюуга мүмкүн болбой жатканын айтат.

«Учурда коррупция боюнча 10го жакын чуулгандуу иш бар. Акыркы резонанстуу иштер Атамбаевдин тегерегиндеги адамдар болуп калды. Тергөө бүттү, бирок сотко өтпөй жатканы ойлонтот. Адамдар жооп бергенде гана коррупция менен күрөш жүрүп жатканына ишенебиз» — дейт Молдокматов.

Анын баамында, кээ бир адамдарга карата «баштан сылап коюу» мамилеси болуп жатат.

Молдокматов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов президент Сооронбай Жээнбековго көлөкө түшүрүп жатканын кошумчалады.

«Президент баарын билип турушу керек. Анын айланасында түрдүү тармактар боюнча маалымат берген адамдар бар. Алар маалыматты жеткирбей коюушу мүмкүн. Андыктан, команда толугу менен жооп бериши керек», — дейт Молдокматов.

1 пикир

1 пикир

  1. Каныбек ыссык-колдон

    09.07.2019 11:53

    Кыргыстан.карупсиябойунча биринчи орунда турат крупсияны жоёотурган адам жок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM