Биз менен байланышыңыз

Канткенде коррупцияга каршы реалдуу күрөш жүрөт?

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июл 2019 | 686 | 0

Коррупцияга каршы күрөштө парламенттин ролу маанилүү. Бирок ал үчүн Жогорку Кеңеш эгемендүү болушу керек. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламент өкмөт менен президенттин саясатын 100 % колдой берсе, коррупцияга каршы күрөш болбойт.

«Парламент кошоматчылык кылып, президенттин тегерегинде чуркап жүрсө, эч кандай күрөш болбойт. Азыр парламент ошондой. Президенттин тегерегиндегилер, кошоматчылар азаймайынча, мамлекетте коррупцияга каршы реалдуу күрөш жүрбөйт. Анткени, өлкө башчы бийликте турганда, эгемендүү партиялар канчалык көп болсо, паракорчулукка каршы күрөш ошончолук эффективдүү болот», — дейт Жээнбеков.

Ал оппозициялык маанайдагы саясатчылар системалуу иштерди кылып, тегерек үстөлдөрдү өткөрүп, бийликке талаптарды коюп келерин белгиледи.

Мындан сырткары, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКдан бөлүү зарылчылыгын айтып, эгерде андай кылбаса, эч кандай ийгилик болбой турганын кошумчалады.

«Эгерде коррупция менен күрөш жүрүп жатса, эмне үчүн Кыргызстан алдыга жылбайт? Андан көрө күрөш жүрбөй жатканын так айтуу зарыл. Туура эмес күрөштү убагында айтыш керек. Президент кызматтан кеткен соң айтканда, өлкөдөн чыгып кеткен каражаттарды кайтара албайсың», — дейт Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM