Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы коррупцияны демонтаждоо боюнча пландын 3-этабын ишке ашырат

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 534 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылган Системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдаштырылган пландын 3-этабын ишке ашырууга киришти. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Ушул планга ылайык, 3-этабында салык органдарында 7 коррупциялык тобокелдиктер демонтаждалууга тийиш, анын ичинде мыйзам чыгаруу иши, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттоодо салыктарды жана кыйыр салыктарды башкаруу, салык мыйзамдарынын сакталышын контролдоо, салык контракты, Кошумча нарк салыгын эсепке алуу, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу иштери аныкталган.

Аталган коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо максатында Салык кызматы 33 чарадан турган коррупцияга каршы 17 иш-чараны ишке ашыруусу зарыл.

Атап айтканда, жеке ишкердик ишмердүүлүгүнүн жана жеке эмгек ишинин ар кандай түрлөрү үчүн ыктыярдуу патенттин ставкасын эсептөө методикасын иштеп чыгуу, Бирдиктүү салык декларациясын берүүнүн максатын салык отчеттуулугунун жоболору менен шайкеш келтирүү, тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө аркылуу салык отчетторунун формаларын жөнөкөйлөтүү иштери турат. 

Андан тышкары, ЕАЭБдин алкагында салык отчетторун берүү механизмин жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн аларды талдоо, ЕАЭБден импорттоо/экспорттоо чөйрөсүндө салык төлөөчүлөр менен болгон иштерди оптималдаштыруу, товарларды ташып келүү жөнүндө  арызды кабыл алуу, кыйыр салыктарды төлөө, кыйыр салыктар боюнча отчетторду берүү жол-жоболорун жакшыртуу иштери жүргүзүлмөкчү.

Бардык көрсөтүлгөн иш-чаралар 2020-2021-жылдар ичинде ишке ашырылууга тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM