Биз менен байланышыңыз

Чагымчыл материалдарды тараткан жарандар кылмыш  жоопкерчилигине тартылат

Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 589 | 0

Социалдык тармактар аркылуу чагымчыл маалыматтарды таркаткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык акыркы кездери Фейсбук баракчасында Кытай Эл Республикасынын жарандары милициянын
аймактык ыйгарымдуу өкүлүн сабап жатышкандыгы тартылган видео тасма тараган.   Аталган окуя 2014-жылы катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык), 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата күч
колдонуу) жана 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголуп,  тиешелүү бардык тергөө амалдарын жүргүзүү менен Кыргыз Республикасынын  мыйзамына ылайык материал сотко
жөнөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү жогорудагыдай чагымчыл материалдарды тараткандардын өздүгүн тактоо  боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козгоого багытталган материалдарды даярдоо менен таратуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же
регион аралык кастыкты козутуу) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

WhatsApp жана башка социалдык тармактарда  чагымчыл маалыматтарды таратуу фактылары  боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына 102 номуру аркылуу  кайрылууга болот.
Кошумчаласак,  Кыргыз Республикасынын мыйзамын билбегендик, жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Copyright © 2017 Maral FM