Биз менен байланышыңыз

Кореядагы кыргыз тамада: Бул жакта тойлор 1 саат эле болот

Портрет | 17 Дек 2018 | 31632 | 0

Үйлөнүү той, жээнтек той, кыз той, үй той, там той, сүннөт той… Айтор, кыргызда дегеле той түгөнбөйт. Миграция күч алган заманда той дегенде ичкен ашын жерге койгон кыргыз дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, ата-бабасынан калган тоюн эч унутпайт. Чет элден бакыт издеп кеткен тамада да кайда болбосун кыргыз бар жерде тойдун да айласын табат. Бул жолку портрет рубрикасында Түштүк Кореяда той алып барып жүргөн тамада жигит Медербек Жолдошев боюнча айтып беребиз.

30 жаштагы Медер Ош шаарынын тургуну. 3 жыл мурда программалар аркылуу Түштүк Кореядагы заводдордун бирине иштейм деп келген. Өзүнүн кичи мекенинде тамадалык кылып жүргөн жигит үчүн башында оор болгон. Бирок Кореядан да хоббисин таап алган.

Түштүк Кореяга көп эле мигранттар келген сыяктуу мен да заводдо иштейм деп келгенмин. Кыргызстанда тойлорду алып барып жүргөн үчүн бул жакта да мекендештердин жакшылыктарында кызмат кылып жүрөбүз. Өзүм ОшТУнун энергетика факультетин аяктаганмын. Андан тышкары консерваториянын Оштогу филиалы бар эле. Ошол окуу жайга да жеке ырдоо бөлүмүнө тапшырып, билим алып жүргөн кезде ал окуу жай жабылып калды. Менин Кореяга келип калганым да кызык. Себеби бул жакка келерде экзаменге да эч кандай даярдыгы жок эле кирип, сынактан ийгиликтүү өтүп калдым. Ал кезде Ошто тойлордун сезону болуп, “итим чөп жеп калган” учур болуп жаткан. Ошого эмне кылышымды билбей, чечим чыгара албай жаткан учурда, тааныштар ал жакта да тойлор болот деп айтып калышты. Ошентип бул жакка келип калдым. Албетте, мен үчүн башында оор болду. Бирок ар бир жакшылыктын башында кыйынчылык болот дегендей, азыр баары жакшы. Бул жакта улуттардын ортосундагы сынактарда, маданият күндөрүндө да кыргызды таанытып жүрөбүз десем болот.

Оштогу тойлорду башкарып жүргөн эрке бала Кыргызстан менен Кореяда өткөн тойлордун барган сайын айрымасы көп деле жок болуп бара жатканын айтат.

Кореяга жаңы келгенимде той болот деп чакырышты. Барсам чакан эле жерде, чакан той болду. Оюндарды уюштуруп, ырдатып, бийлетип өткөрдүк. Ал жактагылар тойду ушундай эле чакан жерде өткөрөрүн айтышты. Кийинки тойго барсам анда бираз жасалгалоону байкадым. Атайын түгөйлөр отурган жерди кооздоп, сүрөткө таркандарды чакырып, атайын даярдыктар көрүлүптүр. Ал эми азыр болсо тойлор Кыргызстандагыдай эле өтүп калды. Кадимкидей күндүз шаар кыдырып, сүрөткө түшүп, кымбат болгонуна карабай ресторанда өткөрүшөт. Ырчы-бийчини чакырышат. Болгон айырмачылыгы устукандын жоктугу десем болот. Көбүнесе деңиз азыктары коюлат. Бирок ага карабай шартына жараша үйлөрүнөн кыргызга тиешелүү болгон тамак-аштарды жасап келип коюшат.

Оштогу тойлордун көркүн ачып жүргөн шайыр жигит азыр да мигранттардын тойлорун алып барып, кызмат кылып жүрөт. Бир гана кыргыздардын эмес, эки улуттун ортосунда курулган үй-бүлөлөргө да күбө болуп, жакшылыгын тең бөлүшкөндөрдөн. Кызыгы, биздин тойлор 4 саатка созулса, кореяда тойлор ашып кетсе 1 саатка уланат. Бирок кыргыз тойдун айласын табат дегендей азыр тойлорду 3 саатка өткөрүүгө өткөндөр бар.

Бизге окшоп тойлор 4-5 саатка созулбайт. Эң узак дегенде 1 саатка созулат. Бир жолу кыргыздардын тою ошондой тойканалардын биринде болуп калды. Биздикилер адатынча 1 саатка кечигип келишти. Ал эми ресторан 1 саатка сүйлөшүлгөн. Анан суранып жатып убакытын узартышкан. Ошондуктан, азыр алдын ала 1 саат эрте айткыла, антпесе биздикилер адатынча кечигип келет деп айтып коем. Бирок айрымдар азыр 3-4 саатка созулган той өткөрүү үчүн акча берип, атайын сүйлөшүшөт.

Кореядагы алып барып жүргөн тойлорунун ичинен тамада жигит таң калтырган учурлары менен бөлүштү.

-Бир жолу кыргыз бала кореялык кызга үйлөндү. Кыз кадимкидей өзүнүн улуттук кийимин кийип, эки тараптын туугандары болуп той өткөрүштү. Албетте, бала Кыргызстанга барып дагы той өткөрдү. Бул жактагы той өтүп жатканда айтылган каалоо тилектерди кыздын эжеси бизде “көп балалуу болгула, кармашкан колуңар үзүлбөсүн” деген сыяктуу каалоо-тилектерди чын жүрөктөн кабыл алып жатканын байкадым. Ага башкача сезилди окшойт.

Анан кийин алар Кыргызстанда той өткөрүп келгенден кийин кандай айырмачылык бар экенин сураганымда, кореялык келин жылкы союлганы өөн учураганын айтты.

Кыргызстанда тойдун артынан байыгандарды депутаты деле, активисти деле санап бүтө албай койду. Айтайын деген жакшылыктын артынан баар тапкан тамадалардын Кыргызстанда кылган кызматы үчүн алган баасы эң кеминде 10 миң сомдон башталып, 1 миң долларга чейин барат. А биздин мекендештин белгилеп алган баасы деле жок. Мындайча айтканда “көңүлдөн чыкканын” алат.

Белгилеп алган баа деле жок. Болгону жол акысын чыгарып беришип, анын үстүнө да кошуп коюшат.

Эл-журттун жакшылыгын жар салып, бөтөн элде, бөтөн жерде кыргыздын каадасын улантып жүргөн мекендешибизге ийгилик каалайбыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM