Биз менен байланышыңыз

Эшенкул Барпиев: Тамадалардын жосунсуз оюндарына тыюу салуу керек

Кыргызстанда тойлордун өтүшү көбөйгөн сайын тамадалардын тойдогу жосунсуз оюндары көбөйүп, аша чаап кеткендери да болууда. Маданият министрлиги мындай көрүнүштү тизгиндеп, тескеп турушу зарыл. Мындай пикирин КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тамада Эшенкул Барпиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тамадалар жакшылыктын желеги болуп, улуттун тилин, салтын, адебин, маданиятын алып жүрүшөт. Андыктан тойдун эрке балдарынын интеллектуалдык деңгээли бийик болуусу керек. Тилекке каршы, учурда беш макал жаттап алып, кыйынсынган жаштар көбөйдү. Ошол эле учурда тоюнун жогорку деңгээлде өтүүсүнө той ээси да кызыкдар болушу зарыл.

«Жакшылыктын жогорку деңгээлде өтүшү үчүн той ээси биринчи тамаданы туура тандап алышы зарыл. Кандай программасы бар, кандай оюндарды ойнотот, баарын сурап көрүп, анан макулдашуу керек да. Жөн эле таякемдин, байкемдин таанышы деп, арзан же бекер тамада чакыргандын кесепетинен ушундай «уятсыз оюндар» ойнотулуп жатат», — дейт Барпиев.

Ошондой эле Маданият министрлиги улуулар менен жаштардын башын бириктирип, жыйын курса, ошол жерден улуулар туура жолду көргөзсө деген сунушун берип, Маданият министри кызматына шайлануу алдында турган Кайрат Иманалиевди бул тармакты да тыкыр көзөмөлдөөгө чакырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM