Биз менен байланышыңыз

Мас абалында унаа айдагандарга айып пулдун көлөмү 17.5 миң сомго чыгат

Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 600 | 0
 КР Административтик кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөр маалым болду.
Ага ылайык жол коопсуздук эрежелерин бузгандарга салынчу айып пулдун көлөмү эселеп көбөйүүсү күтүлүүдө.
Мисалга алсак, мас абалында унааны башкаргандар үчүн айып пулдун көлөмү жеке тараптар үчүн 17.5 миң сом болсо, юридикалык жактарга 55 миң сомго чейин жетет. Ошондой эле, коопсуздук курун курчанбагандар буга чейин 300 сом төлөп келсе, жаңы мыйзам долбооруна ылайык 1000 сом төлөйт.
Аталган өзгөртүүлөр жол коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында киргизилүүдө.
Кошумчалай кетсек, КР Административтик жоопкерчиликтер кодексине киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдан тарта күчүнө кирүүсү ыктымал.

Copyright © 2017 Maral FM