Биз менен байланышыңыз

Келдибеков дагы бир басылманы сотко берди

Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 736 | 0

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков «Аргумент» басылмасын сотко берди. Бул тууралуу порталдын редактору Темирлан Бекботоев журналисттерге билдирген.

Анын айтымында аталган басылманын журналисти Келдибеков соттолуп, өз күнөөсүн мойнуна алып, айып пул төлөп чыкканын жазган.

Эми беделине шек келтиргени үчүн экс-спикер бир миллион сом талап кылып жатат.

«Мен түшунбөй турам. Келдибековдун соттолуп, айып пул төлөп чыкканы факт да!? Алгач материалды алып салууну талап кылды, алып койсок сотко кайрылыптыр. Азыр материал лингвистикалык экспертизага жиберилди»,-дейт Бекботоев.

Эске салсак, Ахматбек Келдибеков буга чейин «Азия ньюстун» журналистин 2 миллион сомго, жакында «Kyrgyz today» сайтын бир миллион сомго сотко бергени маалым болгон. Ошондой эле 11-декабрда экс-президент Атамбаевди да сотко берерин эскерткен болчу.

Copyright © 2017 Maral FM