Биз менен байланышыңыз

Бишкекке жаңы 18 автобус келе жатат

Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 705 | 0

Бишкекте №5 каттам боюнча жаңы 18 автобус ишке киришет. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын (ШТБ) жетекчиси Хасан Алимбеков билдирди.

«Биз кытайлык компания менен келишим түзүп, азыр 18 жаңы автобус чек арада турат. Жакынкы кундөрү аларды №5 каттам боюнча ишке киргизебиз. Бирок алар Маевкадан эмес Көлмө конушунан бери карай жүрүшөт».

Эскерте кетсек, жергиликтүү тургундар аталган каттам боюнча жүргөн №180 жана №155 маршуруттук таксилеринин  аздыгын айтып арызданышкан.

ШТБ жетекчисинин айтымында аталган маршуруттук каттамдар унаанын жетишсиздигинен улам жабылууда. Көп орундуу автобустар ишке кирсе маршуруттук таксилерге муктаждык жоюларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM