Биз менен байланышыңыз

Белгилүү куудул Обид Асомов көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 669 | 0

Өзбекстандык белгилүү куудул Обид Асомов 55 жаш курагында көз жумду. Анын инфаркттан улам каза болгонун өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Обид Асомов өз өлкөсүндөгү алдыңкы артисттерден болчу. Бирок мурунку президент Ислам Каримовдун тушунда 10 жыл өзбек сахнасына жана телерадиосуна чыгууга тыюусалынып, ал чыгармачылыгын Орусияда уланткан.

Азыркы өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден тарта маданият кызматкерлерине карата кысым жоюлуп, Асомов да мекенине кайткан болчу.

Обид Асомов 2017-жылдан бери «Мультипликацион фильмдер студиясы» мекемесинин мүдүрү болуп эмгектенип келген.

Эске салсак, белгилүү куудул бир нече жылдан бери оору менен күрөшүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM