Биз менен байланышыңыз

Жетекчилерди дагы бир ирээт сестенткен коррупция

Саясат | 14 Дек 2018 | 898 | 0

Коопсуздук кеңештин жыйынында кабыл алынган санариптик трасформация концепциясы алдыңкы беш жылга иштелип чыкты. 

Эми иштер туризм, айыл чарба, банк сектору, жеңил өнөр жай, курулуш тармактарына башталат. Бул багыттар улуттук стратегияда артыкчылыктуу деп белгиленген. Ошону менен катар, бийликтин бардык бутактарында, өзгөчө укук коргоону ишке ашыруу сот процессин жүргүзүү, саламаттык сактоо, билим берүү, салык жана бажы төлөмдөрүн автоматташтырууда кеӊири колдонуу пландалууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков буларга токтолду.

Менин тапшырмам боюнча 2019-23-жылдарга Кыргызстандын сапариптик трансформация концепциясы иштелип чыкты. Менин негизги максатым, санариптик коом аркылуу коррупцияны жоюу. Ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу. Мамлекеттик бийликтин негизги функцияларын аткаруу үчүн санариптик технологияны колдонуу зарыл.

Бүгүнкү күнү Кыргызстан трансформациянын өнүгүү баскычынын экинчи деңгээлде турат. Эми беш жылда төртүнчү деңгээлге чыгуусу керек. Бирок буга мамлекеттик кызматтар тараптан каршылыктар көп болуп жатканын мамлекет башчы белгиледи.

Бизди өнүгүүдөн артта калтырган бир катар көйгөйлөр бар. Алардын негизгилерин белгилеп кетейин. Биринчиси санариптештирүү боюнча стратегиялык документтин жоктугу. Эң кейиштүүсү санарипттик кызматтарга өтүүгө мамлекеттик кызматтардын кызыгуусу абдан төмөн. Акыркы жети жылда 50млн доллар салынган. Ага карабасатан жарандарыбыз жана ишкерлерибиз сапаттуу санариптик кызматтарды албай калууда.

Санариптик трансформациянын негизин «Түндүк» системасы түзөт.Бул жаатта Транспорт жана жолдор  министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги өтө чабал иш алып барып жатканын президент сынга алды. Аны менен катары коомчулуктун талкуусунда турган коррупциялык иштерге комментарий берип, Транспорт министри Жамшитбек Калиловду жумуштан четтетип турууну тапшырды.

Калилов келген жокпу? 50миң доллар пара алат деген эмне? Дүйнөгө шерменде болдук. Мен Калиловдун ордунда болгондо тергөө аяктаганча арызымды жазып кетмекмин. Бул боюнча баарын жоопко тартыш керек! Урматтуу премьер-министр министрди укбактылуу кызматынын четтетип тургула.

Андан сырткары, Мамлекеттик каттоо кызматына бирдиктүү терезе ачкыла деген талабын койду.

Калкка эң көп кызмат көрсөткөн- Бул Мамлекеттик каттоо кызматы. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнө бирдиктүү терезени киргизгиле! Эл кезекте турбай ошол жерден тийиштүү документин алып кетсин. Бирок муну силер атайын киргизбейт жатасыңар. Ал жерде ар кандай схемалар бар. Жогору жакта отуруп алып, акчаны алып гана тим болуп жатасыңар.    
Анткен менен өкмөт тараптан кайсы бир деңгээлде жыйынтыктар болбой койгон жок. Аны менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Быйыл «Коопсуз шаар» долбоору практикалык жаткан ишке ашырыла баштады; Балдарды бала бакчага кабыл алууда электрондук кезекке туруу кирди. Келээрки жылы бул системага мектептер дагы кошулат. Кийинкиси ветеринардык жана фитосанитардык товарларга электрондук көз салуу кирди. Бүгүнкү күнгө карата 2,5 миңден ашык сертификат берилди. Муну менен бирге өкмөт төмөнкү иштерди баштады. Электрондук визалар системасы толук кандуу ишин баштады.

Санариптик трансформацияны ишке ашыруу боюнча жумушту топту Биринчи-вице-премьер министр Кубатбек Боронов жетектемей болду. Эми ар бир үч айда президентке жыйынтыктарды берип турмакчы.

Келээрки жылы 189 кызмат электрондук негизде берилсин деген талап коюлду.

Кошумчалай кетсек, 27 мамлекеттик орган маалыматкаттын 126 түрүн берет. Ал үчүн жарандар 286 жолу 96 кошумча документ тапшырганы аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM