Биз менен байланышыңыз

Ырчы Динара Акулованын апасы каза болду

Маалыматка караганда, Динара Акулованы багып өстүргөн апасы Гүлүн Уркешова бүгүн, 14-декабрда Каракол шаарында акыркы сапарга узатылат. Белгилүү болгондой, Гүлүн Уркешова — Динара Акулованын багып чоңойткон апасы. Ал төрөгөн апасынын бир тууган эжеси (таежеси) болот.
Ал 90 жаш курагында көз жумду.

«Марал» радиосунун жалпы жамааты Динара Акулованын апасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу, аза-кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Copyright © 2017 Maral FM