Биз менен байланышыңыз

Социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук кеңешине экс-элчи, мурдагы министрлер кирди

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 844 | 0

Социалдык өнүгүү министрилигинин алдында курамында 15тей адамдан турган коомдук кеңеши түзүлдү. Анын курамына министрликте мурун иштеп кеткендер кирген. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коомдук кеңеш социалдык колдоого муктаж адамдардын укугун коргоп, социалдык, коомдук кызматтарды өнүктүрүү, анын ичинде жумушсуз жарандарды ишке орноштуруу жана гендердик теңчилик боюнча иш алып барышат. Аталган маселелерди чечүүдө министрликке сунуштарын, кеп-кеңештерин айтып турушмакчы.

Кеңештин курамы:

  • Уктомхан Абдуллаева
  • Роза Акназарова
  • Кудайберген Базарбаев
  • Мира Джангарачева
  • Таалайгуль Исакунова
  • Дүйшөнали Мамасалиев
  • Карамат Орозова
  • Алевтина Проненко
  • Иманкадыр Рысалиев
  • Айгуль Рыскулова
  • Равшан Сабиров
  • Кылычбек Султанов
  • Назгуль Ташпаева
  • Зафар Хакимов
  • Екатерина Хорошман

Кошумчалай кетсек, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров коомдук кеңеш министрликте мурда иштеп кеткендерден түзүлөрүн да айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM