Биз менен байланышыңыз

111 унааны мыйзамсыз ташып келген кылмыштуу топ кармалды

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 1138 | 0

Бул тууралуу Ички иштер министрлигини басма сөз катчысы Бакыт Сеитов «Марал» радиосуна кабарлады. Анын айтымында, ар кайсы өлкөдөн чыккан (Германия, Жапония, Франция ) 111 унаа ЕАЭБ мамлекеттеринен мыйзамсыз ташылып келген.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды. Алардын жанынан ЕАЭБ мамлекеттеринин каттоо кызматтарынын 25 мөөрү, жеке нотариустардын, бажы кызматынын катталгандыгы тууралуу бланкалары табылган.

Кылмышка шектүүлөр шаар сыртында атайын жайды даярдап, ошол жерден документтерди колдо жасап, унааларды үчүнчү өлкөлөргө сатып турушкан. Ошол жерден милиция кызматкерлери 25 унаа табышып, атайын жайга киргизишкен. Калган унааалардын дайыны белгисиз.

Учурда ИИМ Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “алдын ала сүйлөшүп алуу менен документтерди, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо жана даярдоо пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Мунун айынан мамлекетке 100 миллион сом зыян алып келгендиги болжонууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM