Биз менен байланышыңыз

Трамптын мурунку жактоочусу үч жылга абакка кесилди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 818 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамтын мурунку жактоочусу Майкл Коэнге «шайлоо өнөктүгүнүн эрежесин бузуу» жана «конгресске жалган айтуу» беренелери боюнча айып тагылды.

Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Соттун белгилешинче Коэл 2016-жылдагы президенттик шайлоо учурунда Трамп менен жакын мамилеси болгонун айткан эки аялга акча берип, «ооздорун жапкан».

Коэндин жактоочусунун айтымында анын Трамп менен оту күйүшпөй командадан чыгып кеткен. Ошол бойдон коомчулукка чыкпай, өз оокатын жасап жүргөн.

Айыпталуучу Майкл Коэн өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алып, «Менин милдетим Трамптын кир иштерин жаап-жашыруу болчу»,-деп билдирди.

Сот ага айыппул жана үч жылдык түрмө жазасын жарыялады.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын катыштыгын иликтеген тергөө иштеринин натыйжасында Трамптын командасынан мынча узак мөөнөткө жаза алган биринчи киши Майкл Коэн болууда.

Copyright © 2017 Maral FM