Биз менен байланышыңыз

Францияда адамдарга ок жаадырган киши аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 586 | 0

Франциянын Страсбург шаарындагы Жаңы жылдык жарманкенин жанында топтолгон элге ок жаадырып, үч кишини набыт кылган кылмышкердин кимдиги аныкталды. Ал 29 жаштагы жаран Шариф Шакетт экени белгилүү болду. Шакетти Германиянын жана Франциянын коопсуздук түзүмү радикал исламчы деп аташууда. Страсбург шаардык прокурорунун билдиришинче анын чабуул учурунда «Аллах Акбар!» деп кыйкырганын угушкан.

Бирок кылмышкер буга чейин эки жолу уулурук, тоноо кинелери менен Германияда жана Францияда соттолуп, камалып чыккан. Алардын айтымында Шакетт түрмөдөн чыккандан кийин радикалдашып калган. Бирок бул маалымат такталууда.

3 кишини набыт кылып, ондон ашуун кишиге оор жаракат берген кылмышкер окуя болгон жерден качып кутулган, анын жашаган дарегине барышканда үйүнөн курал-жарактар табылган. Шектүүнү издөөгө жуздөгөн полис кызматкери тартылды.

Окуя боюнча «терроризм» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Copyright © 2017 Maral FM