Биз менен байланышыңыз

Экс-президенттердин окшош өкүнүчтөрү

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 1056 | 1

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналына берген маегинде өткөн жылкы шайлоодо “досу” Сооронбай Жээнбековду талапкерликке көрсөткөнүнө өкүнүчүн билдирди. Бирок буга чейинки мырза мамлекет башчылары да кадрдык тандоодо жаңылышканын кызматтан кеткенден кийин айтып эле келишкен. Алардын бири-бириникине коёндой окшош өкүнүчтөрүн тизмектеп берели.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин учурунда кийинки мамлекет башчы Курманбек Бакиев 2005-жылы эки жолу премьер-министрлик кызматты аркалаган. Бирок Акаев мындай чечимди кабыл алууда адашканын 2012-жылы “Азаттыкка” берген интервьюсунда айткан.

-Менин учурумда кетирилген каталардын ичинен кичинекей заводдун директору Курманбек Бакиевди эки облустун губернаторлугуна, кийин премьер-министрликке чейин алып барганымды баса белгилегим келет. Бул менин чоң катам экенин 2005-2010-жылдагы окуялар тастыктап турат. Ал элге жана мамлекетке чоң зыян тийгизди.

Акаевден кийин бийликке келген, “канкор” деп сыпатталган президент Курманбек Бакиев да ошол эле өкүнүчкө кабылган. Президент учурунда өкмөттүн жоопкерчилигин Алмазбек Атамбаевге тапшырганын жаңылуу катары эсептеген.

-Эл жана мамлекет үчүн эмгектенүүнү эмес жогорку кызматты көздөгөн Алмазбек Атамбаевди ишке алганым – жашоодогу эң чоң катачылыгым. Ал 7 ай премьер-министр болуп туруп, өзү тууралуу жалаң тер көз караштарды пайда кылды.  Президенттик аппараттын жетекчиси раматылык Медет Садыркулов түшүнүү кыйын болгон премьер-министр менен кантип кызматташууну билбей койгон.

Көпчүлүккө маалым болгондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду ачык эле колдоп жүргөн. КСДП көрсөткөн талапкерди “досум” деп, анын атаандаштарын сынга алып, зекип келген. Бирок жакында эле “Апрель” каналына берген маегинде Атамбаев мурдагы мамлекет башчылардын сөзүн кайталап, чечимине өкүнгөнүн жашырган эмес.

 -Эстесем, түштүк боюнча, кадрлар боюнча Жээнбековго ишенчүмүн. Бул албетте, менин катам. Кадр маселесине жакшы көңүл бурсам болмок. Адамдык сапатын, сатып-сатпаганын карасам болмок экен.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 2009-жылы ошол учурдагы катаал режимге карабай, президенттикке талапкер Атамбаевдин штабын жетектегенин айткан. Анда өмүрүн тобокелге салганын билдирген.

1 пикир

1 пикир

  1. Калыбёк

    22.02.2019 10:56

    Сөзсүз атпмбаевтин жоопкерчилиги каралыш керек,мамилекеттик масштабтагы коррупциялык элементтердин бардыгына катышын өтө кылдатиликтөө керек,андан башка,7 апрельокуйясы,дача с.у.ачылбаган сыр жөнүндө,батукаевтин бир күндө бошоп учуп кетишине атамбаев ачык жооп айтууга милдеттүү.болбосо ушул суроого учурдагы бийлик тактап элге жооп бериш керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM