Биз менен байланышыңыз

«Зилалиевдин ачыкка чыккан байлыктары айсбергдин үстү гана»

Пикирлер | 12 Дек 2018 | 1158 | 0

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ачыкка чыккан байлыктары айсбергдин үстү гана. Жакшы текшерилсе мындан да көп каражат чыгат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин IV-V чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Зилалиев камакка алынганга чейин байлыктарын катып койгон болушу мүмкүн. Коррупция жалгыз гана Зилалиевде эмес. Анын кармалышы башка мамлекеттик кызматкерлерге чоң сабак болгон.

Буга чейин УКМКнын маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, Зилалиев мамлекеттик кызматта иштеп турганда 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктарда сактап келген 889 миң 900 АКШ долларын декларацияда көрсөткөн эмес.  Мындан сырткары өзүнүн бир туугандарына каттаткан турак-жайлары, батирлери жана жер тилкелери да аныкталган.

Эске салсак, Зилалиев 2011-2016-жылдардагы мүлкүн 2,5 миллион сом деп көрсөткөн. Ал эми аялынынын кирешесин 408 миң сом деп билдирген. Ага «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга убактылуу камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM