Биз менен байланышыңыз

1 миңден ашуун салык төлөөчү патентти онлайн сатып алышты

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 669 | 0

2018-жылдын 1-декабрына карата 1 миң 348 салык төлөөчү салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө патент сатып алышты.

Талдоо көрсөткөндөй, патентти онлайн түрүндө көбү Ош (366 патент), Бишкек (229), Жалал-Абад (99) шаарларында сатып алынган. Мындан тышкары, Аламүдүн районунда – 92 патент, Жайыл районунда – 47, Жети-Өгүз районунда – 31, Түп районунда – 26, калганы – башка район жана шаарларда алынган.

Электрондук патентти алуунун эки жолу бар: МСКнын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу.

Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык тескеп-башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле, жол-жобонун жеткиликтүүлүгү жана жагымдуулугу ишкерлердин камтылышын кеңейтет. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Патентти кеңседен (кызмат көрсөтүү жана соода түйүндөрү) же үйдөн чыкпай туруп, сутканын ар кайсы учурунда интернет аркылуу алууга мүмкүн болгондуктан, салык төлөөчүлөргө ар жолу салык органына баруунун кереги жок. Патентти терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өзүн өзү тейлөө терминалдары жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM