Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майдын баасы арзандайт

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 720 | 0

Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев «Марал» радиосуна кабарлады. Мындай чечим Москвада Кыргызстан менен Россия мунай майды бажы алымдарысыз алып келүүгө шарт түзгөн келишимдин негизинде жетишилген.
Эми 2018-19-жылы келишимдик негизде бажы төлөмү жок Кыргызстанга 50 миң тонна мунай, 485 миң тонна бензин , 560миң тонна дизелдик отун жана 135 миң тонна учактар керектөөчү май ташылып келет.
Натыйжада күйүүчү май рыногунда нарк 2-3 пайызга түшөт деп болжолдонууда.
Эскерте кетсек, Кыргызстан жылына 1 млн 100 тонна күйүүчү май керектейт. Айына ташып келүү 70-80 миң тоннаны түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM