Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү депозиттик эсепке 10 миллион сом кошулду

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 624 | 0

Финансы министрлигинин алдында түзүлгөн бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 9 859 923 сом кошулду. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматы билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ушул жылдын июль айында ачылган эсепке өлкөдөгү бети ачылган коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар топтолот. Ушуну менен аталган эсепке Финансы полициясы которгон каражаттын суммасы 247 760 861 миллион сомго жетти.

Бул депозиттик эсепке экономикалык кылмыштардан өндүрүлгөн каражаттарды салуу Финполдон сырткары ИИМ, УКМК жана Башкы прокуратурага жүктөлгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM